Tolgonay Sariyeva - Себеп болуп сезимиңдин ызгаары 13 Sentyabr 2026, 12:45
Себеп болуп сезимиңдин ызгаары,
Сен түнөгөн жүрөгүмдү мууздагам.
Муюп угуп мага бөтөн ырларды,
Муздап калган жүрөк менен кызганам.
Түшүп алып ашыктыктын торуна,
Түн кучактап түгөнөм да күймөлөм.
Сүкүт чалып махабаттын жолунда,
Сүйүп туруп сүйбөгөнгө үйрөнөм.
Ээрчип басам, ээси болбой сендеги
Эргүү бийлеп, толкуп турган жүрөктүн.
Селкинчек тээп сезимдерге мендеги,
Сенек кыял, сүйүүң менен жүдөттүң.
Жалындайм деп жаштыгыма от койгом,
Жалындан соң капарга албай арт жагын.
Биз жактырган обон менен коштолгон,
Биздин сырды билиндирбей сактагын.
DİGƏR XƏBƏRLƏR
-
Xuraman Muradova - SAĞLIĞINDA SÖYLƏYƏK
14 Sentyabr 2026, 17:14 -
Tolgonay Sariyeva - Көп күттүрбөй сагынганда кел деген
14 Sentyabr 2026, 14:34 -
Leyla Şerif Emin -Balkanlar'dan Gelen Soğuklar
14 Sentyabr 2026, 14:31 -
Gülzar Abla Bayatlı - SEN OLMAZSAN
13 Sentyabr 2026, 13:16 -
İnci Okumuş - Adın Âişe’dir Tebessümün, Hüma
13 Sentyabr 2026, 12:51 -
Tolgonay Sariyeva - Себеп болуп сезимиңдин ызгаары
13 Sentyabr 2026, 12:45 -
Feyzan Korur - AFFETMEM
13 Sentyabr 2026, 12:41 -
Şərifə Cəfəri - Boş verdim, ürək məst eyləsin, yar havasında
13 Sentyabr 2026, 12:37 -
Xuraman Muradova - Turan elə Salam olsun
13 Sentyabr 2026, 12:31 -
Xuraman Muradova - Payız kimiyəm
13 Sentyabr 2026, 12:15

