Tolgonay Sariyeva - Себеп болуп сезимиңдин ызгаары
Себеп болуп сезимиңдин ызгаары,Сен түнөгөн жүрөгүмдү мууздагам.Муюп угуп мага бөтөн ырларды,Муздап калган жүрөк менен кызганам.
Түшүп алып ашыктыктын торуна,Түн кучактап түгөнөм да күймөлөм.Сүкүт чалып махабаттын жолунда,Сүйүп туруп сүйбөгөнгө үйрөнөм.
Ээрчип басам, ээси болбой сендегиЭргүү бийлеп, толкуп турган жүрөктүн.Селкинчек тээп сезимдерге мендеги,Сенек кыял, сүйүүң менен жүдөттүң.
Жалындайм деп жаштыгыма от койгом,Жалындан соң капарга албай арт жагын.Биз жактырган обон менен коштолгон,Биздин сырды билиндирбей сактагын.
— TDKŞB, 13 sentyabr 2026





Şərhlər
0Söhbətə qoşulmaq üçün daxil olun
GirişSöhbətə ilk siz qoşulun.